Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Бишкекте Ооганстандагы абалдын таасири талкууланат


Эл аралык деңгээлдеги талкуу “Аскерий-техникалык кызматташтык мамлекеттин коопсуздугунун негизи” деп аталат. Аны бир катар бейөкмөт уюмдар уюштурууда. Жыйында Ооганстандагы кырдаал, экстремисттик топтордун бул мамлекеттеги аракети жана анын Борбор Азияга тийгизе турган эпкини жөнүндө ойлор айтылат.

Иш-чарага Москвадан да адистер чакырылган. Уюштуруучулар кабарлашкандай, күч органдары диний коопсуздук маселесинде эмнеге көңүл бурушу керектиги талкуунун өзөгүн түзөт. Ошондой эле Орусиядан Кыргызстанга берилген аскерий техникалардын кандай максатта пайдаланышы жөнүндө да сөз болот.

Жыйын “Плаза” отелинде өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Коргоо министрлигинин адистери жана жарандык коом өкүлдөрү чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG