Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Депутат мурдагы премьердин жоопкерчилигин кароону козгоду


Жантөрө Сатыбалдиев (солдо) Ош шаарында, 10-март, 2014
Жантөрө Сатыбалдиев (солдо) Ош шаарында, 10-март, 2014

Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алтынбек Сулайманов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишиндеги мыйзам бузуулар үчүн анын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин жоопкерчилигин кароого чакырды.

Сулаймановдун айтымында, ушул убакытка чейин 700гө жакын батир коогалаңда жабыркагандарга өткөрүлүп бериле элек. "Жеке курулуш компаниялары эки жылда толугу менен үйдү өткөрүп берет. Ал эми коогалаңдан бери 5 жыл өттү. Мамлекетке миллиондогон сом зыян келтирилип жатса да мурдагы башкы прокурор Аида Салянова чара көргөн эмес. Бирок депутаттарга каршы кылмыш иштери козголууда", - деди Алтынбек Сулайманов.

Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн эле. Ал коогада жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Бирок дирекция бир катар мыйзамсыз иштерге жол бергени айтылып, бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия өз корутундусунда дирекция бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн айтып чыккан. Мындан соң мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кеткен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG