Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

ЖК комитети Кумтөрдө көчмө жыйын өткөрдү


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын колдонуу комитети Кумтөрдө көчмө отурум өткөргөнүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кабарларга караганда, отурумга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, "Кыргызалтындын" өкүлдөрү катышкан.

Депутат Кожобек Рыспаев сапардын жүрүшүндө коомдо талкууланып жаткан бир катар маселелер боюнча так маалыматтар алынганын белгиледи.

Анын айтымында, учурда калдык сактагыч жайлардан цианид же башка уулуу заттар чыгып кетет деген коркунуч жок. "Себеби техникалык коопсуздуктун бардык нормалары сакталган, кендин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турат", - деди депутат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG