Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Саакашвили АКШдан Украинага курал берүүнү өтүндү


Грузиянын экс-президенти, учурда Украинада Реформалар боюнча кеңештин башчылыгын аркалап жаткан Михаил Саакашвили АКШ бийликтерин Украинага курал-жарактан жардам берүүгө чакырды. 4-мартта Саакашвили АКШ Сенатынын эл аралык иштер комитетинде сүйлөп жатып, Украина аскердик курал-жаракка муктаж болуп турганын белгиледи. Анын айтымында, курал-жарактан жардам көрсөтүлбөсө Украинанын мамлекеттүүлүгүнө доо кетишиши мүмкүн. Ал ошондой эле Кошмо Штаттарды европалык өнөктөштөр менен кеңешип чечим кабыл алышы керек деген пикирлерди четке какты. Анын жүйөсүндө, Германия мындай чечимге макул болушу кыйын.

Саакашвили Орусия Украинанын чыгышындагы аймакты басып алуу менен эле токтобой, учурдагы Киев бийликтерин кулатууну көздөп жатат.

Ал эми комитет жыйынында орус оппозициячыл саясатчысы Гари Каспаров өткөн аптада киши колдуу болгон саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө орус бийликтеринин катышы бар болушу мүмкүн экенин айтып чыкты. Анын айтымында, Немцов Украинанын чыгышындагы жаңжалга орус аскерлери катышканын далилдеген маалыматтарды ачыкка чыгарганы жаткан.

Буга чейин Украинанын президенти Петро Порошенко Батыштан курал-жарактан жардам берүүнү суранган. АКШ бийликтери бул маселе боюнча чечим кабыл ала элек.

XS
SM
MD
LG