Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Дары-дармек департаменти: астманын дарысы жетиштүү


Астма оорулуулары колдонгон сальбутамол дарысы өлкөнүн дарыканаларында жетиштүү эле сатылып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек департаментинин маалымат борборунун башчысы Замир Акаев билдирди.

Бүгүн "Азаттыкка" айрым адамдар кайрылып, сальбутамол дарысы тартыш болуп жатканын айтышкан.

Замир Акаев (0312) 66 57 40 номери боюнча бул дары кайсы дарыканаларда сатыларын билүүгө болорун кошумчалады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG