Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:06

Окумуштуу Рахат Ачылова дүйнө салды


Бүгүн 73 жашында жүрөк оорусунан окумуштуу философ, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рахат Ачылова дүйнө салды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын шакирттеринин бири, социолог Топчугүл Шайдуллаева билдирди.

Рахат Ачылова философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери. Ал учурунда көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору (азыркы Арабаев атындагы университет) болуп иштеген. 15тен ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 3 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен үй-бүлөнүн байыркы доордон азыркы күнгө чейинки өсүп-өнүгүүсүн, абалын, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролун, маданиятын изилдөөгө багытталган.

Маркум 1941-жылы Баткендин Көк-Таш айылында жарык дүйнөгө келген эле.

Рахат Ачылова Жогорку Кеңештин 1995-2000-жылкы чакырылышынын депутаты болгон, “Ардак белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG