Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Ноокенде экстремизмге шектелгендердин үйү тинтүүгө алынды


"Хизб ут-Тахрир" уюмунун тажик тилиндеги журналы
"Хизб ут-Тахрир" уюмунун тажик тилиндеги журналы

Жалал-Абаддын Ноокен районунда жайгашкан беш үйдө тинтүү жүргүзүлүп, “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна таандык материалдар табылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады.

4-март күнү УКМК менен райондук милиция кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде шектүү кишилердин үйүнө жүргүзгөн тинтүү учурунда жүзгө жакын аудио-видео материалдар, 20 даана китеп, 20га жакын баракча табылган. Учурда алынган материалдарга соттук-теологиялык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Расмий маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун аймагында бүгүнкү күндө “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремистик уюмунун 530 мүчөсү каттоодо турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG