Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Нью-Йоркто Айт майрамдар катарына киргизилди


Нью-Йорктогу көчөлөрдүн бири.
Нью-Йорктогу көчөлөрдүн бири.

Нью-Йорк мэри Билл де Бласио мусулман майрамдары билим берүү календарына киргизилгенин жарыялады. Ал Твиттердеги баракчасына

- Курман айт менен Орозо айт күндөрүн календарда майрам катары белгилөө шаарыбыздын ар түрдүүлүгүн байытат,- деп жазды.

Бласио мэрлик кызматка талапкер болуп, шайлоо өнөктүгүн өткөрүп жүргөн учурда мусулмандардын эки майрамын календарга киргизүүгө убада берген. Шаардагы мусулмандар жамааты бир канча жылдан бери калаа жетекчилигининен муну суранып келаткан болчу.

Нью-Йоркто болжол менен 1 миллионго жакын мусулман бар. 2008-жылкы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, билим алып жаткан ар бир онунчу студент мусулман.

XS
SM
MD
LG