Кыргызстанда медицина тармагына 2016-жылдан кийин бериле турган жардамдар, ооруканалардагы шарттарды жакшыртуу боюнча иш-пландар бүгүн Бишкекте талкууланат. Аны Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурууда. Мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, жыйынга ЮНИСЕФ, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү жана өлкө аймагында иш жүргүзүп жаткан бейөкмөт мекемелердин өкүлдөрү чакырылган. Талкуу министр Талантбек Батыралиевдин катышуусунда болот.
Буга чейин Кыргызстанда медицина тармагын өнүктүрүү боюнча 2015-жылга чейинки программа иштелип чыккан. (SE)