Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Согушкерлер Ирактагы байыркы шаар калдыктарын талкалоодо


“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Ирактын түндүгүндөгү тарыхый Нимруд шаарынын калдыктарын талкалап жатат. Бул тууралуу Ирактын өкмөтү кабарлады. Туризм министрлигинин маалымдашынча, ассириялыктардан калган тарыхый жайды согушкерлер 5-мартта талкалап баштаган. Азырынча мындан 3000 жыл мурун ассириялыктар курган шаар канчалык денгээлде талкаланганы белгисиз.

ЮНЕСКОнун Ирактагы өкүлчүлүгү бул окуяны баа жеткис тарыхый мураска кол салуу катары баалады.

Археологдор менен адистер согушкерлердин бул кылыгын 2001-жылы Ооганстандагы талиптер талкалаган Будданын айкели менен салыштырып жатышат.

Өткөн аптада "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Ирактын түндүгүндө Мосул шаарындагы байыркы артефакттарды талкалап жаткан видеотасма интернетке таратылган эле.

XS
SM
MD
LG