Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

БУУ: Тикриттен 28 миң киши чыгып кетти


Ирак -- Тикрит шаарына жакын жерде "ИМ" тобунун согушкерлери.
Ирак -- Тикрит шаарына жакын жерде "ИМ" тобунун согушкерлери.

Бириккен Улуттар уюмунун эсеби боюнча, “Ислам мамлекети” тобуна каршы аскердик операция жүрүп жаткан Тикрит шаарынан 28 миңге жакын адам чыгып кетти. Алардын көпчүлүгү коңшулаш Самарра калаасында баш калкалап жатышат.

Согушкерлер сегиз айдан бери ээлеп турган Тикритти бошотуу боюнча операция беш күндөн бери уланып жатат. Ирактын согуш учактары коштогон операцияга 30 миңдей аскер тартылган. Аскер башчылары өкмөт күчтөрү акырындык менен алгалап бараткандыгын, жылышка жолдо орнотулган бомбалар жана көзгө атарлар жолтоо болуп жаткандыгын айтышууда. Эгер аскерлер бул шаарга көзөмөл орнотсо, согушкерлер ээлеп турган Мосул шаарына операция кылууга мүмкүнчүлүк алат.

XS
SM
MD
LG