Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Орус оппозиционери Навальный абактан чыкты


Алексей Навальный, 6-март, 2015
Алексей Навальный, 6-март, 2015

Орус оппозициялык саясатчысы Алексей Навальный он беш күн административдик жазаны өтөгөн соң, эркиндикке чыгарылды. Ал тынч митинг өткөрүү тартибин бузган деген айып менен камакка алынган эле. Навальный тарапкерлери менен бирге 1-мартка белгиленген оппозициянын жүрүшүнө чакырган баракчаларды Москванын метро бекеттеринде таратып жатканда кармалган. Ал киши колдуу оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду акыркы сапарга узатууга катышууга кое берүүнү өтүнүп, бирок бийликтер өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Эркиндикке чыккан соң Навальный Немцовдун өлүмүнө карабастан оппозиция өз күрөшүн улантат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG