Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

HRW кумсалар боюнча мыйзамга тынчсызданды


Human Rights Watch уюму Жогорку Кеңешти кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды. Аталган уюм 5-мартта тараткан билдирүүсүндө, мыйзам долбоор сексуалдык азчылыктардын укугун чектей турганы айтылган. Ошондуктан мыйзам долбоор демилгечилерин өлкө баш мыйзамына каршы чыкпай, адамдын эркиндиктерин камсыз кылуу принцибин сактоого чакырды.

Аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон бул демилге эл аралык укуктук документтерге жана баш мыйзамга каршы келерин билдирди.

Жогорку Кеңеш кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

XS
SM
MD
LG