Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Немцовдун өлүмү боюнча күбө коркутууга туш болууда


Анна Дурицкая
Анна Дурицкая

Өткөн аптада киши колдуу болгон орус оппозициячыл саясатчысы Борис Немцовдун өлүмү боюнча башкы күбө Анна Дурицкая ар кандай коркутууларга туш болуп жатат. Ал бул боюнча Украинанын Ички иштер министрлигине арыз жазган. Анда Дурицкая Киев облусундагы Белая Церковь шаарындагы ата-энесиникине келатканда белгсиз адамдар коркутканын айткан. Бул боюнча укук коргоо органдары кылмыш иш козгоду.

Ал эми Украинанын баш прокурору Виктор Шокин Анна Дурицкаянын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырмасын берди.

Саясатчы Борис Немцовду 27-февраль күнү түн ортосунда көчөдөн белгисиз кишилер атып кетишкен. Кылмыш болгон учурда 23 жаштагы Дурицкая анын жанында болгон. Ал орус тергөөчүлөрүнө сурак берген соң, Украинага чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG