Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Маңзатка каршы күрөшкөн мекемени эми Орусия каржылайт


Мындан ары Кыргызстандын маңзатка каршы күрөшүү кызматын Орусия каржылайт. Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа билдирди.

- Буга чейин маңзатка каршы күрөшкөн кызматкерлерди АКШ каржылап келген. Бирок алар маянасын гана жабышчу. Биз аскер жабдыктарына жана курал-жарактарына да акча бөлөбүз, - деди Бордюжа.

Орусия Тажикстанга да маңзатка каршы күрөшүүгө каражат бөлөт. ЖККУ уюмга мүчө өлкөлөрдөгү экстремисттик уюшкан топторго, мыйзамсыз миграцияга жана маңзат таркатууга каршы күрөшүп келет. (LzT)

XS
SM
MD
LG