Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Оторбаев Оштун мэри менен шаардын келечегин талкуулады


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугушуп, шаардын өнүгүүсүн жана ушул жылга карата пландарын талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айтмамат Кадырбаев Оторбаевге Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу тууралуу маалымат берди. Көпүрөнүн курулушу ушул жылдын күз мезгилинде аягына чыгат деп күтүлүүдө.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Ош шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо маселесине көңүл бурду. Оштун мэри кийинки жылы калаанын 100% тургуну таза суу менен камсыздаларына ишендирди. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы кабарлады. (ZMa)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG