Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизди. Бул система күбөлүктү алгачкы жолу алып жаткандар үчүн өткөрүлгөн экзамен, тестирлөөнүн сапатын жогорулатуу, тармактагы коррупцияны азайтуу максатында иштелип чыккан.
Тесттин программасы айдоочулукка үйрөткөн ар бир мектепке акысыз берилет. Каалоочулар http://demoprava.srs.kg/ сайтына кирип, 1 деген сыр сөздү киргизип, алдын ала өзүн сынап, даярдана алат.
Соңку жылдары Кыргызстанда, айрыкча шаарларда жеңил унаа көбөйүп, жол кырсыктардын саны өстү. Буга окууга барбай эле айдоочулук күбөлүктү сатып алгандардын саны көбөйгөнү себеп экени айтылууда. (КЕ)