Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

УКМК чекист аялдарды майрамы менен куттуктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чекист аялдарды 8-март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Салтанаттуу иш-чарада УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Бусурманкул Табалдиев бүгүнкү күндө чекист аялдар алдына коюлган тапшырмаларды татыктуу аткарып, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого барандуу салым кошуп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда аялдар майрамдык концертке күбө болушту. (ZMa)

XS
SM
MD
LG