Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Обама АКШ элин бирдикке жана тең укуктуулукка чакырды


АКШ президенти Барак Обама, 2-март, 2015-жыл
АКШ президенти Барак Обама, 2-март, 2015-жыл

АКШ президенти Барак Обама Алабама штатындагы Сельмадагы окуялардын 50 жылдыгына арналган маршка катышты. Шаар тургундарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Обама ошол окуялардан бери өткөн жарым кылымда америкалыктар өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, териси ар кандай түстөгү адамдардын тең укуктуулугун камсыздоо үчүн көп иштерди жасаганын белгиледи.

Президент америкалыктардын тилинде башкы сөз - "биз" болгонун айтты. Ал коомдун башкы ураандарын кайталады: "Биз - элбиз", "Биз - жасай алабыз".

Сельмадагы Эдмунд Петтустун атындагы көпүрөдөгү тирешүү АКШдагы жарандык укуктар үчүн күрөш тарыхында полиция менен тынч демонстранттардын эң ири кагышууларынын бири болуп калган. 1965-жылдын 7-мартында АКШ жана башка өлкөлөрдүн миллиондогон телекөрүүчүлөрү марштын кара терилүү катышуучуларын полиция айоосуз сабаганына күбө болгон. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызчу газ жана союл колдонгон.

Сельмадагы окуялардан кийин бир апта өткөн соң АКШ президенти Линдон Жонсон Конгресске кайрылып, афроамерикалыктардын шайлоо процессине катышуусуна тыюу салган чектөөлөрдү жокко чыгарган мыйзамды жактырууга чакырган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG