Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Комузчу Самарбүбү Токтакунованын 70 жылдыгы белгиленет


10-мартта К.Молдобасанов атында Улуттук консерваторияда белгилүү комузчу, Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самарбүбү Токтакунованын 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция жана концерт өтөт.

Консерваториянын маалыматы боюнча мааракелик концертке Бишкек мэриясынын элдик аспаптар оркестри, "Акак" комузчулар ансамбли, "Хан-Теңири" фольклордук жамааты, ошондой эле Токтакунованын окуучулары катышат.

Самарбүбү Токтакунова кыргыздын залкар комузчулары Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов, Низалы Борошев, Ыбрай Туманов, Атай Огомбаевдин чыгармаларын аткарып келет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG