Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Чет өлкөлүк ЖОЖдорго документтер кабыл алына баштады


Билим берүү жана илим министрлиги чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларына билим алууну каалагандардын документтерин кабыл ала баштады. Министрликтин сайтында жарыяланган кабарга ылайык, Түркиянын жогорку окуу жайларында окугусу келген кыргызстандык бүтүрүүчүлөр 17-майда өтчү экзаменге катышса болот. Андан ийгиликтүү өткөндөр Түркиянын 97 жогорку окуу жайларынын бирин тандай алат.

Ошондой эле Орусиянын Ломоносов атындагы мамлекеттик университетине, Австриянын жайкы мектебине, Кытайдын медициналык жогорку окуу жайларына да кабыл алуу башталды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG