Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:14

Немцовдун өлүмүнө шектелгендерге айып тагылды


Москванын Басман сотунда оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду өлтүрүүгө шектелгендерди камакка алуу боюнча сот жүрүп жатат. Аталган соттун маалымат катчысы Анна Фадееванын билдиришинче, кармалган Анзор Губашев жана Заур Дадаев аттуу эки адамга саясатчыны өлтүрүүгө байланыштуу айып тагылды.

Ишембиде саясатчынын өлүмүнө шектүү катары төрт адам кармалган. Ал эми бешинчи шектүү Грозный шаарында аны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберди. Кармалгандардын бири Заур Дадаев чечен президенти Рамзан Кадыров түзгөн “Түндүк” батальонунун кызматкери экени маалымдалды.

55 жаштагы Борис Немцовду 27-февралдын түнү Москванын борборунда, Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен. Ал орус президенти Владимир Путиндин сынчысы катары белгилүү эле.

XS
SM
MD
LG