Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк Акча жумалыгы өтөт


Кыргызстанда алгач ирет бүткүл дүйнөлүк Акча жумалыгы белгиленет. 11-марттан 17-мартка чейин өтө турган иш-чарада жарандарга акчага кандай мамиле кылуу керектиги, каражат сактоо жана сарптоо маданияты жөнүндө кеп-кеңештер айтылат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир апта бою адистер аймактарды кыдырып, акчага байланыштуу семинар-тренингдер, талкуулар жана финансылык мекемелерге экскурсиялар уюштурушат. Ошондой эле Улуттук банктын каржылык сабаттуулукту жоюуга багытталган атайын сайты ишке берилет.

Global Money Week аттуу жумалык эл аралык Child and Youth Finance уюмунун демилгеси менен жүздөн ашуун мамлекетте белгиленет. (ATu\SE)

XS
SM
MD
LG