Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Киев менен жикчилер келишим бузулганы үчүн бири-бирин айыптоодо


Украин армиясы жикчилер ок атышууну токтотуу келишимин бузуп Донбасста акыркы бир сутка ичинде 16 жолу ок чыгарганын кабарлады. Маалыматка ылайык, жикчилер миномет жана гранатометтон Авдеевка, Красногоровка, Опытное, Водяное шаарчаларын аткалышкан. Ал эми Широкино айылында атышуу бир нече аптадан бери токтобой жатат.

Өзүн Донецк элдик республикасы атап алган аймактын бийлиги акыркы эки күн ичинде өкмөттүк аскерлер кеминде 25 жолу ок ачканын кабарлады. Жикчилер жүйөсүндө, аскерлер Донецктин чеке белиндеги аймактарга оор техника менен аткылап жатышат.

12-февралда Беларустун борбору Минскте Украина жана жикчилер ок атууну токтотуу боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык чыгышта ок атуу токтотулуп, оор техника майдан талаасынан чыгарылышы керек болчу. Бирок эки тарап бул келишимди толук сактабай жатат деп бири-бирин айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG