КТРКнын Байкоочу кеңешинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, телерадиокорпорациянын башчылыгына бүгүнкү күнгө чейин төрт гана киши документин берсе, бүгүн эле дагы 8 киши талапкер болуп катталды.
Алардын ичинде Коомдук телеканалды убактылуу башкарып жаткан Илим Карыпбеков дагы бар.
Бүгүн талапкерлерди каттоо жараяны жыйынтыкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча тандоо 12-мартка мерчемделген эле. (AzK)