Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Пакистан өлүм жазасына киргизилген мораторийди толук жойду


Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрү билдиргендей, Пакистан өкмөтү өлүм жазасына кесилгендер арасынан аппеляциялык арызы жана кечирим боюнча өтүнүчтөрү четке кагылган соттолуучуларга карата өкүмдөрдү аткара баштоого киришет.

Өкмөттүн 6-мартта кабыл алган бул чечими коомчулукка эми ачыкталып олтурат.

Укук коргоочулардын эсебинде, Пакистанда өлүм жазасына кесилип, бирок 2008-жылкы мораторийден улам өкүмү аткарылбаган 8000ден ашуун киши бар.

Былтыр декабрда өлкөнүн түндүк–батышындагы Пешевар шаарында Талибан согушкерлери мектепке кол салып, 150дөй кишини, көбүнесе жаш балдарды мерт кылгандан кийин терроризм боюнча айыпталып, өлүм жазасына кесилгендер үчүн мораторий жоюлган.

Андан бери 24 айыпкерге өкүм аткарылды.

Адам укугун коргоочулар расмий Исламабаддын бул кадамын сынга алып келишет. Алардын пикиринде, өлүм жазасына мораторийдин жоюлушу Пакистандын сот системасындагы адилетсиздиктен улам кылмышкер деп табылып калган адамдардын да өмүрүн тобокелчиликке кептөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG