Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Журналисттин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз каралат


Бишкек шаар соту журналист Аслан Сартбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аслан Сартбаевдин адвокаты Азиз Турдалиев билдирди.

“Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаев 26-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган болчу. Ага кылмыш кодексинин 234-беренеси “Ээнбаштык” боюнча айып тагылган.

Аслан Сартбаевдин үстүнөн “ок чыгарды” деп арыз жазган Самсалы Четимбаев кайра тосмо арыз жазганына карабай, журналисттин камакта калып жатышын адвокаты бийликтен “атайын жасалган буйрутма” деп атоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG