Бул туурасында өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кыргызстанда диний эсктремизм боюнча жыл башынан бери 107 факт катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу жогору болуп саналат.
Былтыр январь-февраль аралыгында 41 факт катталган.
Бүгүн Бишкекте Борбор Азиянын диний аалымдары форумга чогулуп, экстремизге каршы күрөшүү жолдорун талкуулап жатышат. (AzK\EBM)