Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Балдары “Себатта” окугандар бийликке кайрылды


Парламенттеги талкуудан кийин "Себаттын" жактоочулары түрдүү акцияларды уюштурууда
Парламенттеги талкуудан кийин "Себаттын" жактоочулары түрдүү акцияларды уюштурууда

Бүгүн “Себаттын” мектеп, лицейлеринде окугандардын ата-энелер комитети Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, депутат Жылдызкан Жолдошеванын бул мектептерди жабуу тууралуу оюн сындап чыгышты. Алар өлкө бийлигине "Себатка" жол тоспоо өтүнүчү менен кайрылуу жолдошту.

5-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Эркин Сакебаев Токмоктогу "Себат" лицейинде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбай жатканын билдирген. "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева Кыргызстан боюнча "Себаттын" мектептерин жабууну, алардагы окутууну тартип коргоо органдары же өкмөт түзгөн комиссия текшерип чыгышы керектигин айткан.

“Себат” системасын Түркияда бийлик менен эки ача пикирдеги белгилүү коомдук ишмер Фетхуллах Гүлен негиздегени айтылып келет. Маалыматка караганда, ал 140тай өлкөдө билим берүү жайларын, маалымат каражаттарын, изилдөө борборлорун ачкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG