Таанымал аалым-диниятчы Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 63 жашында дүйнө салды. Ал 10-мартта Ташкенттеги Ислам университетинде баскетбол ойноп жатып жүрөгү токтоп калган. Бүгүн Мухаммад Садыкты акыркы сапарга узатуу үчүн жүздөгөн динзарлар чогулуп, Ташкентке полициянын кошумча күчтөрү тартылганы маалымдалды.
Мухаммад Садык СССР кыйраган тушта Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын төрагасы - муфтий болгон, СССРдин эл депутаты болуп шайланган. Өзбекстан бийлиги тарабынан куугунтукка алынгандыктан 1990-жылдардын башында үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткен. 2000-жылдардын орто ченинде ал Ташкентке кайтып келген.
Борбор Азия элдеринин үрп-адаттарына ылайыкташкан Исламды ташбыйкаттап, бир нече илимий эмгек жазган.
Ал исламчыл террорчуларды жана “Ислам мамлекети” согушкер уюму сыяктуу топторду сындаган. Соңку жылдары маалымат каражаттарына такыр эле интервью бербей калган болчу.