Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Путин 12-13-мартта Астанага барбай калды


Владимир Путин
Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путиндин Казакстанга болчу эки күндүк визити кийинге калтырылды. Астанада 12-13-март күндөрү өтчү жыйынга Беларус президенти Александр Лукашенко да катышмак.

11-мартта Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун маалымдашынча, үч лидер Астана жыйынын бир нече күн кийин өткөрөлү деп чечти. Ал бирок жыйын эмне себептен кийинкиге которулганын айткан жок.

Казак өкмөтүнүн атын атабоону суранган өкүлүнүн "Ройтерс" агенттигине айтышынча, Астанадагы жыйын Орусия президенти ооруп калганга байланыштуу кийинге калган болушу ыктымал.

Азырынча Лукашенконун 13-мартта Астанага келип-келбеси беймаалым.

XS
SM
MD
LG