Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Ар беш баланын бири жанын кыюуну көздөйт


Быйыл эки айдын ичинде эле өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны 21ге жетти.
Быйыл эки айдын ичинде эле өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны 21ге жетти.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарды.

Буга адистер ата-эне менен бала ортосунда диалогдун азайышын, өлкөнүн экономикалык абалын жана чоңдор тарабынан балага көзөмөлдүн катаалдыгын себеп кылып көрсөтүшөт. Ошондой эле балдар укугу тууралуу маалыматтардын кеңири жайылышы да буга негиз болушу мүмкүн дегендер бар.

Сузактык окуучунун окуясы

Жалал-Абаддын Сузак районундагы мектептердин биринде учурда 10-класста окуп жаткан 16 жаштагы бала эки жыл мурун өз жанын кыюу аракетинде жүргөн. Аны таанып-билгендердин белгилешинче, кичинесинен эле үлгүлүү окуучу. Журналисттик этикадан улам аты-жөнүн атай албайбыз. Каарманыбыз эмне себептен дүйнө менен кош айтышкысы келгенин мындайча түшүндүрөт:

- Мен үй-бүлөдө балдардын эң чоңумун. Инилерим шоктук кылып, бир нерсени сындырса, же туура эмес жоруктарды жасаса деле ата-энем мени уруша берчү. “Сен чоңсуң, эмнеге карабайсың? Сени көрүп, булар да тентек болуп өсүп жатат” деген сөздөрдү көп айтышчу. Ошондо мага “мени булар жаман көрүшөт, эч кимге керегим жок” деген ой келе берет эле. Бир күнү чыдамым кетип, өзүмдү асып алууну чечтим. Мойнума сыйыртмак салдым, бирок андан ары эрким жетпей койду. Жанымды кыя албадым...

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2013-жылы 127 бала, өткөн 2014-жылы 106 бала өмүрүнө кол салган. Быйыл эки айдын ичинде эле өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны 21ге жетти.

Өз жанын кыйган балдар жакындарын коркуткусу келет дешет адистер
Өз жанын кыйган балдар жакындарын коркуткусу келет дешет адистер

Соңку кездери зомбулук жана жашы жете электерди зордуктаган фактылардын көбөйүшү да балдардын эртелей жашоо менен кош айтышуусуна алып келүүдө. Ал эми ата-энелердин, чоңдордун балага карата кодулоо мамилеси мезгилсиз өлүмгө жол ачкан себептердин көч башында.

Министрликтин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева:

- 2014-жылы 106 факты катталса, анын басымдуу бөлүгүнө үйдөгү жагдайлар себеп болгон. Баласы жанын кыйган ата-энелер жазган түшүнүк каттарда өлүмдү мугалимдерге же башка бир себептерге байланыштыргандар дээрлик жок. Милициянын иликтөөлөрүндө балдардын суицидине үй-бүлөдөгү жаңжал жана өз ара түшүнбөстүктөр себеп болуп жатканы жазылат. Катталган фактылардын дээрлик баарында бала кечинде, түнкүсүн же таңга жуук өз жанын кыйган.

Серепчилер бул маселени жоюуда же азайтууда мектептин ролу чоң экенин белгилешет. Алардын байкоосунда, билим уясындагы негизги проблемага айланган рекетчилик маселеси да мунун себептеринин бири. Изилдөө жыйынтыктарына ылайык, эки жыл мурун жанын кыйган өспүрүмдөрдүн көбүн кыздар түзсө, өткөн жылы эркек балдар көбөйгөн.

Өткөөл курактагы ойноок сезимдер

Буга чейин өз жанын кыюуга психикалык жактан жабыркаган балдар барат деген ойлор айтылып келсе, бүгүнкү күндө ар тараптан үлгүлүү окуучулардын жанын кыюулары көбөйүп жатканы – жогорудагыдай корутунду туура эместигин айгинелеп тургандай:

Гүлшан Абдылдаева
Гүлшан Абдылдаева

- Алардын психикасы начар деп айтууга болбойт. Баары жакшынакай эле балдар. Айрымдары өзүн эч кимге керексиз сезип, коомдун же жакындарынын көңүлүн өзүнө бурдуруу максатында жанын кыюуга аракет кылат. Ал өлүп калууну көздөбөйт, ушул жол менен айланасындагыларды коркутуп койгусу келет. Бирок бул аракет көбүнчө кайгы менен аяктайт. Демек өспүрүмдүн андай жолду тандашына коомчулук, жакындары түртүүдө. Мамилебиз ошого жеткирип жатат,- дейт Абдылдаева.

Баланын өткөөл курактагы абалына көңүл буруу зарылдыгы буга чейин деле айтылып келген. Адистердин байкоосунда, адамдардын бири-бирине карата да агрессиялык маанайдын күчөгөнү ушундай окуялардын көбөйүшүн шарттап жатат.

Жанын кыйгандар арасында оокаттуу эле үй-бүлөнүн балдары да көп. Психологдордун айтымында, ата-энелер бүгүн баласынан сурабай эле, анын тарбиясын ар кандай ийримдерге гана байлап, түздөн-түз диалог азайып, өздөрү акча табуунун аргасын гана издеп калышты.

Ошондой эле айрымдар бала кезинде ишке ашпай калган максаттарына баласы аркылуу жетүүгө аракет кылышы да кайгылуу окуяларга түртүп жатканын үй-бүлөлүк зомбулук жана кордолгон балдарды реаблитациялоо боюнча адис Айгүл Кызалакова айтат:

- Мисалы, "убагында мен скрипка ойногум келген, бирок үйрөнүүгө шарт болгон эмес, же мисалы гимнастикага кызыкчу элем, үйрөтпөй коюшкан" деп, баласын өзүнүн максатын ишке ашырууга пайдаланат. Баланын пикирин сурагандар аз. Балам спортчу болушу керек, балам артист болушу керек же башка ушул сыяктуу каалоолор менен ар кайсыл ийримдерге киргизе беришет. Бала чарчайт, нерви жумшарат. “Бул мага эмес, ата-энеме керек. Менин каалоолорум менен эч кимдин иши жок” деп ойлонот. Сыгылат.

Балдар карата зордук-зомбулукка каршы митинг. Январь, 2015
Балдар карата зордук-зомбулукка каршы митинг. Январь, 2015

Кызалакованын айтымында, соңку жылдары балдар укугу мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, өспүрүмдөрдүн өз кадыр-баркын сезүү даражасы өстү. Андыктан аларга өкүмзорлук менен эмес, досторчо мамиле кылууну заман талап кылып жатат:

- Баланын укугу бар экенин, аны урмат кылыш зарылдыгын улам эле айтып атпайбызбы. Мектептерде айтабыз, телевидение, радио, гезиттерде айтабыз. Бүгүнкү күндүн балдары өзүнүн кадыр-баркы, укугу тууралуу билет. Анысы тебеленип жатканын көргөндө ызаланат. Өзүн керексиз сезет. Демек ата-энелер, дегеле чоңдор балага мамиле кылууда мезгилдин талаптарын да эске алышы керек. “Биз мындай шартта эле чоңойгонбуз, келтек жеп жүрүп эле өстүк, кем боло элекпиз” деген сыяктуу сөздөрдүн заманы алда качан өтүп кеткен.

Андан сырткары, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы балдардын суицидге барышына экономикалык фактор да роль ойноп жатканын көрсөтөт. Социалдык проблемалар, ата-эненин каржыга муктаждыгы да аларды теңтуштарынын жанында ызалантып, аягында өз өмүрүн кыюуга алып барат. Ошондой эле бала кездеги жоопсуз сүйүү да кайгылуу окуяларга себеп болот. Психологдор бул көйгөйдү ата-эне менен бала ортосундагы ачык баарлашуу гана азайта аларын белгилешет.

XS
SM
MD
LG