Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Ирак армиясы Тикриттин бир бөлүгүн жихадчылардан тазалады


Ирак армиясы Тикрит шаарынын бир бөлүгүн “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун желдеттеринен бошотту. Өкмөттүк күчтөр Тикриттин түндүк бөлүгүндөгү Кадисия районунун жарымын ээлешкенин Салахиддин провинциясынын губернатору Раид Жубаринин кеңсеси 11-мартта билдирди. Маалымдалганга караганда, аскерлер жана шиит милициясы жихадчыларды артка сүрүштү, бирок алар алга жай жылууда. Кечээ күнү Ирак күчтөрү Тикриттин түндүгүндөгү ал-Алам шаарын халифатчылардан бошотушкан. Тикритти жихадчылар былтыр июнда басып алган. Ирак армиясы аларга каршы операцияны он күн илгери баштаган. Армия менен шиит милициясынын өз ара макулдашып согушуусуна Иран көмөктөшүп жатканы айтылат кабарларда.

XS
SM
MD
LG