Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Бакыт Абдыкапаров үй камагында калды


Мындай чечимди Биринчи май райондук соту азыр эле чыгарды.

Бакыт Абдыкапаровго жаңы тагылган айыптын негизинде анын баш коргоо чарасын кароо тууралуу өтүнүч Башкы прокуратура тарабынан берилген болчу.

Экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын тергөө башкармалыгы 11-мартта Кылмыш кодексинин 30-305-беренеси боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып такты.

Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан мурда да “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “Көз боемочулук кылган” деген беренелер боюнча айыптар тагылган болчу. Буга байланыштуу 26-февралда Биринчи Май райондук соту Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасын карап, эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына калтырган.

Бакыт Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды жокко чыгарып келет. Ал эми Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иштерин өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG