Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

“Крокус-Интернешнл” ишканасы Кыргызстандын бажы тармагын жаңылайт


Бажы биримдигине кирүү алдында өкмөттөр арасында түзүлгөн келишим боюнча Орусия Кыргызстандын бажы тармагын “Жол картасына” ылайык жаңылоо үчүн 200 млн. доллар бөлүп бермек болгон. Мунун ичинен 129 млн. доллар орус өкмөтү тарабынан орусиялык “Крокус-интернешнл” компаниясына берилип, келишимге ылайык, Кыргызстандын бажы тармагын жаңылоо, кызмат көрсөтүү иштеринин баары аталган компания тарабынан аткарылмакчы. Бул тууралуу келишимдин долбоорун премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-мартта бекиткен.

Крокус-интернешнл компаниясынын ээси орусиялык миллиардер Арас Агаларов, аталган ишкана 1989-жылы түзүлгөн.

Кыргыз өкмөтүнүн бул келишимди бекиткени тууралуу маалымат айрым көз карандысыз экономисттердин нааразылыгын туудуруп, социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG