Өкмөт дыйкандарга жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө быйыл эч жардам бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында бир катар депутаттар айтып чыкты.
Депутат Талантбек Узакбаев былтыр өкмөт 1-апрелге чейин жеңилдетилген айыл чарба кредиттери үчүн 3 миллиард сом бөлгөнүн, ал эми быйыл бир да тыйын бериле электигин айтты.
Эл өкүлдөрү дыйкандар үрөн, кара май сатып алууга каражаты жок отурганын айтып, күзүндө маселе жаралышы ыктымалдыгын билдиришти.(RK)