Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Парламент кендерге көзөмөл орнотуу жолдорун иштеп чыгат


Жогорку Кеңештин жыйын залы
Жогорку Кеңештин жыйын залы

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы кен байлыктарынын үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жаатында мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында айтылды.

Төрага Асылбек Жээнбековдун билдиришинче, депутаттардан турган жумуш топ ишин бүгүн баштайт. Кендер, инвестициялар жана концессиялар тууралуу үч мыйзамга өзгөртүүлөр иштелип чыгат. Парламент жетекчиси өлкөдөгү кен байлыктарды коргоо жаатында мыйзамдарга системалуу түрдө өзгөртүү киргизүү керектигин кошумчалады.

Жумуш топ бир ай иштеп, өз сунуштарын айтмакчы.

Ага чейин депутат Ташболот Балтабаев сурма кени Кытайга аткезчилик жолу менен ташылып кетип жатканын, алтын куму Казакстанга уурдалып жатканын мисал келтирип, көзөмөл орнотууну парламент өз колуна алышы керек деген оюн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG