Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Орусияда өрт кырсыгынан кыргыз жараны каза тапты


"Адмирал" соода борборунда өрт чыкты. Казан шаары, 11-март 2015
"Адмирал" соода борборунда өрт чыкты. Казан шаары, 11-март 2015

Орусиянын Казан шаарында соода борборлордун биринде өрт кырсыгынан бир кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, консулдар өрттөн каза тапкан аял тууралуу маалыматты тактап жатат.

Кечээ 11-мартта түш ченде Казан шаарында “Адмирал” соода борбору күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 4 киши мерт болуп, 21 киши ооруканага жеткирилген. Алардын бешөө оор абалда экени айтылууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында өрт соода борборунун биринчи кабатында тутанып, өтө тездик менен жайылып кеткен. Куткаруучулар 250 кызматкерди жана 400 кардарды алып чыгып кетүүгө үлгүргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG