Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Бишкекте сумо боюнча алгачкы чемпионат өтөт


Бишкекте сумо боюнча алгачкы ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Нурсулуу Табылдиева билдирди.

Анын айтымында, таймаштар өспүрүм балдар, эркектер (чоңдор) жана аялдар арасында өткөрүлүп, чемпиондук наам үчүн 60ка жакын спортчу күч сынашат.

Чемпионаттын жүрүшүндө Жапониядан келген сумо чеберлери тажрыйба бөлүшүп, лекция окушат. Таймаштардын жүрүшүн жапониялык Сумо калыстары көзөмөлдөшөт. Чемпионат эртең 13-мартта болот. Финалдык таймаштар саат 15:00дө башталат. (ECH)

XS
SM
MD
LG