Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Дадаев менен жолуккан активистке тыюу салынды


Заур Дадаев
Заур Дадаев

Немцовду өлтүрдү деп шектелген Заур Дадаев менен жолуккандан кийин анын кыйноодон улам күнөөнү мойунуна алганын айткан активистти кайра түрмөгө киргизбей жатышат.

Андрей Бабушкин 12-мартта Борис Немцовдун өлүмү боюнча күбө катары сурак бергендиктен федералдык тергөөчүлөр ага «эми түрмөдө отурган шектүүгө жолуга албайсың» деп айтканын билдирди.

Оппозициячыл ишмер Борис Немцовду өлтүрдү деп шектелген Дадаев менен дагы эки кишини тергөө жайында көрүп чыккан Бабушкин алар кыйноодон кийин күнөөнү моюнга алган деп шек саноого негиз бар экенин айткан эле.

XS
SM
MD
LG