Испан бийликтери оппозиция өкүлү Муратбек Кетебаевди мекенине чыгарып бербөө тууралуу чечим кабыл алды. Кетебаевдин аялы Ирина Петрушева "Азаттыкка" билдиргендей, Испаниянын Акыйкаттык министрлиги кылмыш ишин жабууга өкүм кылгандан кийин Кетебаев 2013-жылы саясий баш калканч алган Полшага кайтып кетти.
"Алга" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Муратбек Кетебаев Казакстандан 2011-жылы кеткен эле. Ал декабрда Мадридде казак өкмөтүнүн талабы менен Интерпол тарабынан кармалып, бирок январ айында бошотулган.
Казакстан ага 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуяларына жана кийинки жылдагы Алматыдагы террордук чабуулга байланыштуу айып таккан.