Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Журналист Сартбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү каралат


Бүгүн журналист Аслан Сартбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук териштирүү болот. Сартбаевди эки айга убактылуу камоо тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен анын адвокаты Бишкек шаар сотуна кайрылган болчу. 11-мартка белгиленген сот жараяны ал күнү болбой калып, бүгүнкүгө жылдырылган.

“Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаев 26-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Ага “Ээнбаштык” деген берене боюнча айып тагылган.

Аслан Сартбаевдин үстүнөн “ок чыгарды” деп арыз жазган Самсалы Четинбаев кайра тосмо арыз жазганына карабай, журналисттин камакта калып жатышын адвокаты Азиз Турдалиев бийликтен “атайын жасалган буйрутма” деп атоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG