Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

ИИМ: Ишкерди көптөн бери тоноп келаткан топ кармалды


Ички иштер министрлигинин билдиргени боюнча кылмыштуу топтун 52 жана 49 жаштагы эки мүчөсү көптөн бери жеке ишкерден ири көлөмдө акча алып келаткан. Милициянын алдын ала маалыматына караганда кылмышка шектүүлөр кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөсү жана алар мурда адам өлтүргөнү үчүн соттолгон.

Жабыркаган ишкер кылмышкерлер андан 2013-жылдан бери коркутуп-үркүтүп ай сайын 2000 доллар алып турганын, кийин 10000 долларга чейин көтөргөнүн айтып милицияга кайрылган.

Факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. Шектүүлөрдүн биринин үйүнөн уруксаты жок травматикалык тапанча табылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG