Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Атамбаев: "РусГидро" менен пландалган ишти өз убагында аткаруу керек


"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча негизги инвестор. Нарын, октябрь 2014
"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча негизги инвестор. Нарын, октябрь 2014

Пландаштырылган жумуштарды курулуштун бекитилген иш графигине ылайык мындан ары да өз убагында жана сапаттуу аткаруу керек. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев орусиялык «РусГидро» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Евгений Дод президент Алмазбек Атамбаевге Жогорку Нарын ГЭС каскадынын негизги энергетикалык объектилеринин курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүү жана чыңдоо, энергия иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн бул энергетикалык ири долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун мааниси зор экенин билдирди.

Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга негизги инвестор кылып Кыргызстан Орусияны тандаган. Долбоор 732 миллион доллар деп бааланган. Бирок бул чыныгы баадан эки эсе көп экенин көз каранды эмес талдоочулар айтып келет.

Өткөн жылдын соңунда орус өкмөтүнүн вице-премьери Аркадий Дворкович "РусГидро" менен "Интер РАО ЕЭС" ишканаларынын жетекчилерине Орусияда башталган экономикалык кризиске байланыштуу Кыргызстандагы долбоорду кайра карап чыгуу тапшырмасын бергенин "Азаттыкка" серепчи Расул Үмбөталиев кабарлаган болчу.

Ал эми өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев балким курулушка акчаны Кыргызстан өзү издей баштаса болот беле деген оюн айткан.

Расмий булактар курулуш жүрүп жатат дегени менен иш токтоп калганын көз каранды эмес байкоочулар айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG