"Центерра голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон пенсияга чыкканына байланыштуу ушул жылдын аягында кызматтан кетерин жарыялады. Быйыл октябрь айында Аткинсондун "Центерра" менен кызматташуусуна он жыл толот. Бул тууралуу компаниянын Директорлор кеңеши билдирди.
"Центерра" Кыргызстандагы эң чоң Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык компания.
2010-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери кыргыз өкмөтү менен "Центерра" ортосундагы келишимди жаңыртуу сүйлөшүүсү жүрүүдө. Бирок бир чечим кабыл алына элек.
Бул сүйлөшүүлөрдө "Центерра" тарапты Аткинсон жетекчилик кылып келаткан.
Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоого 15-апрелге чейин убакыт берген. (RK)