Майлуу-Суудагы аскер бөлүгүндө каза тапкан жоокердин өлүмүнүн себептери азырынча тактала элек. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Азамат Дүйшөнбеков “Азаттыкка” билдиргендей, комиссиянын текшерүү иштеринин жыйынтыгы дүйшөмбү күнү чыгат.
Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө 13-март күнү түштөн кийин аскерлердин бири эс-учу жок жаткан жеринен табылган. Аны өзүнө келтирүү аракетинен майнап чыккан эмес.
Каза тапкан жоокер 21 жашта, аскерге Баткендин Кадамжайынан чакырылган.
Кыргызстанда жоокерлерди өлүмү тез-тез катталып турат. Көп учурда алар өз жанын кыят. (SE)