Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Германияда хижабга тыюу салган мыйзам күчүн жоготту


Германиянын Конституциялык соту мусулман мугалим аялдар хижаб кийүүгө укуктуу деген чечим чыгарып, 2003-жылы хижабга тыюу салуу боюнча кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарды.

Сот 13-март күнү кабыл алган чечимге ылайык, хижабга тыюу салуу өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келип, диний эркиндикти бузаары белгиленген. Соттун белгилешинче, билим берүүгө тоскоолдук жараткан учурда гана хижабга тыюу салынат.

2003-жылы Германиянын 16 облусунда хижабга тыюу салынган. Бирок башка диндеги кийимдерге мындай чечим чыгарылган эмес. Кийимине байланыштуу жумушка кабыл алынбаган эки мусулман аял Конституциялык сотко кайрылган болчу.

Германиядагы 81 миллион элдин 4 миллиону мусулмандар. (SE)

XS
SM
MD
LG