Президент Алмазбек Атамбаев Кылычбек Токтогуловду баш прокурордун биринчи орунбасары кызматына дайындады. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы бүгүн, 14-мартта кол койду.
Токтогулов буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болчу.
Атамбаевдин буйругу менен баш прокурордун үч орун басары жума күнү кызматтан алынган. (SE)