Дүйнөлүк эр таймаш (WEF) федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогоновдун билдиришинче, таймаш 15-мартта саат 18:00дө өтмөй болду.
Бүгүн, 14-мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда бомба коюлду деген маалыматтан улам кулатуунун эр таймаш түрү боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш болбой калды.
Милициянын маалыматында, кечки саат 7 чамасында таймаштын ачылыш аземи болгондон кийин бомба коюлган деген маалыматтан улам ал жердеги адамдар сыртка чыгарылган. "Азырынча жардыруучу зат коюлганы же коюлбаганы маалым боло элек, текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул жалган маалымат да болушу мүмкүн. Сатып алган билеттери менен киришсе болот. Коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат", -деди Э.Токтогонов. (Ech)