Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Украиналык дарыгерлер Савченко менен жолугат


Надежда Савченко.
Надежда Савченко.

Украиналык дарыгерлерге Орусияда камакта отурган учкуч Надежда Савченко менен жолугуп, абалын текшерүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Савченконун адовкаты Марк Фейгин билдирди. Мурдараак учкуч эгер украиналык дарыгерлер менен аны жолугушуусуна уруксат берилбесе, кайрадан ачкачылыкты улантарын айткан болчу.

Украиналык Надежда Савченко өткөн жылдын жайынан бери Орусияда түрмөдө отурат. Ал Луганск облусунда каза тапкан эки журналисттин өлүмү үчүн айыпталууда. Ишти Москва соту карап жатат. Бирок учкуч бул айыптоону четке кагып, аны орусиячыл жикчилдер кармап, Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет.

Ал түрмөдө бир канча күн ачкачылык кармап, натыйжада ден соолугу начарлап кеткенин адвокаты билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG